Бишкекте 19 жаштагы кыз адам өлтүрүүгө шектелүүдө

01.03.2022 | 12:19

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында саат 08:30 чамасында Бишкек шаарынын ИИБнын 102-Башкы башкармалыгынын кызматына 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен өрт чыгып, адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБнин шаардык милициясынын 3-бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп, ал жерден 1991-жылы туулган А.С.нын зомбулуктун белгилери менен сөөгү табылган. .

Аталган факты Октябрь районунун ИИБнин РИИБге катталып, “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган А.И., кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал учурда Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Scroll to Top