Дастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБоливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылды
Бишкек: 37 жаштагы ата 12 жаштагы өз кызын зордуктады
01.03.2022 | 12:24
27-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жашы жете элек кыз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери тарабынан 37 жаштагы Б.К. мас абалында 12 жаштагы өзүнүн кызына сексуалдык зомбулук көрсөткөнү аныкталган.
Бул факты Свердлов райондук милицияга катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Свердлов райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом