Биздин Телеграм каналга катталыңыз
ЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдү
Бишкекте -2 градус. 13-декабрда аба ырайы кандай болот?
12.12.2022 | 16:32
Эртең, 13-декабрда Кыргызстандын аймагында кар жаашы күтүлбөйт. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым жерлерде 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;
Бишкекте кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 0…-2 градус болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом