Бишкекте 21-майдан тартып кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылат

Бишкекте 21-майдан тартып кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылат

Бишкекте жарандардын топтолуусун азайтуу максатында кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жаңы ачылып жаткан эки борбор шаардагы Калкты тейлөө борборлору менен бирге 21-майдан тарта иштеп баштайт.

Учурда жаңы ишке кире турган Калкты тейлөө борборлорунда оңдоп-түзөө иштери аяктап жатат.

Алардын даректери:

  1. Ленин району, «Фрунзе» ГМ, Садырбаев көчөсү 107 — Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Биринчи Май району, мурунку ЖААК кеңсесинин имаратында, Тоголок Молдо көчөсү 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

Алар чоң Калкты тейлөө борборлорунан айырмаланып, жарандарга төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштыруу;
  • 16 жашка толгондо (16 жаштагылар);
  • Жаш балдарга жалпы жарандык паспорт;
  • 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун жоголушу;
  • ПИН;
  • Сүйүнчү;
  • Даяр паспортторду берүү;
  • Чет өлкөлүк жарандарды каттоо;
  • Жарандарды убактылуу турган жери боюнча каттоо;
  • Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо;
  • Туулгандыкты каттоо;
  • Өлгөндүктү каттоо;
  • Аталыкты аныктоону каттоо;
  • Никеге турууну каттоо.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>