Бишкекте 29-июнда сөз эркиндиги боюнча митинг болот

Бишкекте 29-июнда сөз эркиндиги боюнча митинг болот

Бишкекте 29-июнда сөз эркиндиги боюнча тынчтык митинг өтөт. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарап жатат.

Митинг #REАКЦИЯ 3.0 деп аталып, жарандык жүрүш болот. Темир жол бекетинен башталган жөө жүрүш Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чейин уланат.

Белгилей кетсек, 25-майда парламент жыйынында депутаттар «Интернетти көзөмөлдөө тууралуу» мыйзам долбоорун 2-3-окууда дароо кабыл алышкан. Аталган мыйзам долбооруна эл өкүлдөрүнүн 79у «макул», 10у «каршы» добуш беришкен. «Каршы» добуш берген депутаттар: Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Анвар Артыков, Карамат Орозова, Айгерим Бешимбаева, Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев.

Наталья Никитенко Кыргызстан жаратылышы, эли жана сөз эркиндиги менен мактана ала турганын айтып, бул мыйзам менен элдин байлыгына кол салуу болуп каларын белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>