Бишкекте 35 жаштагы киши дааратканага түшүп кетти – сүрөт

Бишкекте 35 жаштагы киши дааратканага түшүп кетти – сүрөт

Бишкекте 35 жаштагы адам көчөдөгү дааратканага түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда саат 12.30дар чамасында Ленин районунун Аэродром тилкесиндеги жеке үйлөрдүн биринин дааратканасына 35 жаштагы адам түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жабырлануучуну дааратканадан чыгарышкан.

Ал адамдын абалы канааттандырарлык экени маалыматта айтылат. 

[su_image_carousel source=»media: 51528,51527″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>