Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Бишкекте 40 кабаттуу премиум класстагы ипотекалык үйлөр курулат
07.08.2025 | 09:32

Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу премиум класстагы ипотекалык турак жайлар курулат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымдады.
Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр президенттин тапшырмасынын негизинде, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Бишкек шаарында салынат.
“Кыргызстанда 94 пайыз жер тоолуу, болгону 6 пайызы гана түздүк. Шаарлар күн санап кеңейип, калктын саны өсүүдө. Ошондуктан бийик кабаттуу, заманбап, сапаттуу турак жайларга суроо-талап жогору”, — деди Туманбаев.
Ал ошондой эле курулуш иштери жүрүп жатканда сейсмологиялык талаптардын бардыгы эске алынарын, жана жаңы үйлөр коопсуздук нормаларына толук жооп берерин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар