Кытай-Непал чек арасындагы селден каза болгондордун саны миңден аштыАрмения ЕАЭБ, ЖККУ жана ЕБ ортосунда: Путин Бишкекте эмне дедиЖогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМКнын төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Пакистандын премьер-министри менен жолугуштуМаматалиев: Жер сатылат деген маалыматты тараткандардын арасында депутаттар да болгон«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралуу
Агартуу министрлиги ата-энелерге 1-2-класска документ тапшыруу мөөнөтү тууралуу эскертти
06.08.2025 | 19:06

Агартуу жана илим министрлиги ата-энелерге балдарын 1 же 2-класска кабыл алуу жараяны боюнча маанилүү билдирүү таратты. Министрликтин маалыматына ылайык, бала кабыл алынды деген билдирме алынгандан кийин бир айдын ичинде, тактап айтканда, 4-августтан 5-сентябрга чейин, тиешелүү тастыктоочу документтерди мектепке тапшыруу милдеттүү.
Башталгыч билим берүүнүн 1 же 2-классына кабыл алынган баланын ата-энеси төмөнкү документтерди мектепке өткөрүшү керек:
- Баланын ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формада);
- Бала алган эмдөөлөр тууралуу маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формада);
- Баланын 3×4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.
Министрлик ата-энелерди мөөнөттү өткөрүп жибербөөгө чакырып, документтерди өз убагында тапшырууну эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар