Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат, – мэрия

05.07.2022 | 12:13

Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, шаардык бюджеттин эсебинен 840 орундуу 6 мектепке чейинки балдар мекемеси курулуп жатат. Катар кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен 2 саламаттык сактоо объектисин куруу иштери башталды.

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 16 билим берүү объектиси курулуп жатат. Бул №6, 10, 20, 35, 40, 73, 75, 76, “Алтын-Ордо”, “Мурас-Ордо”, “Ак-Ордо”, “Ак-Бата”, “Рухий-Мурас”, “Ак-Босого”, “Колмо” конуштарындагы мектептер жана Жал кичи районундагы 1 бала бакча курулап жатат. Курулуш жана реконструкциялоо иштери аяктаганда 6705 окуучу орун камсыз кылынат.

Scroll to Top