«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Бишкекте 6-кабаттан алты жаштагы кыз кулап кетип каза болду
16.03.2025 | 15:40
Бишкекте 6-кабаттын терезесинен алты жашар кыз кулап кетип, ооруканада каза болду.
Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдиргендей, 16-мартта Бишкек ШИИБдин «102» кызматына окуя тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган.
Алдын ала текшерүү учурунда 2019-жылы туулган А.А. аттуу кыз 6-кабаттан кулап кеткени аныкталган. Анын кесепетинен ал оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, А.А. жаракаттардан улам каза болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар