Бишкекте 7 жаран «Йакын инкар» диний-экстремисттик уюмдун катарынан чыкты. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызмат билдиргендей, аталган жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында алар «Йакын Инкардын» идеологиясы туура эмес экенин мойнуна алып, андан баш тартышкан.