Бишкекте 90 миң куту контрафакттык сагыз табылды

Бишкекте 90 миң куту контрафакттык сагыз табылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө өндүрүлүшү шек жараткан сагыз кутуларын аныкташты.

Маалым болгондой, Бишкек шаарындагы базарлардын биринде мыйзамсыз жүгүртүүдөн өндүрүлүшү белгисиз 90 миң куту Orbit сагызы табылган.

Учурда ал продукциянын жасалма же жасалма эмес экенин текшерүү үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Контрафакт экени тастыкталган учурда материалдар аны конфискациялоо жана андан ары жок кылуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар Orbit сагызынын товардык белгисине укук ээлеринин укуктарын бузууларга бөгөт коюу максатында өткөрүлгөн.

Салык кызматы республиканын аймагында эсепке алынбаган жана контрафакттык товарларды аныктоо боюнча активдүү иштерди улантат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>