Бишкекте «А» класстагы логистикалык борбор курулат

Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Бишкек шаарында «А» класстагы заманбап логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-августта Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду менен «Белор-Строй» ишканасынын ортосунда насыялык келишимге кол коюлган. Келишимдин негизинде аталган логистикалык борборду куруу долбоору ишке ашырылат.
Долбоордо 31 жаңы жумуш ордун түзүү, бизнес үчүн кеңсе жайларын ижарага берүү, ошондой эле Бишкектеги 1,7 гектар аянтка логистикалык борборду куруу каралган.
«Долбоорду ишке ашыруу ата мекендик жана эл аралык ишканалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, товар жүгүртүүнү ылдамдатат, жүктөрдү сактоо жана иштетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратат, ошондой эле аймактын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот»,- деп билдирди фонд.