Бишкек шаарында автобустун айдоочусу аялдамадагы адамды уруп-сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-февралда Октябрь РИИБге А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, коомдук транспорттун айдоочусуна мыйзамдуу чара көрүүнү суранган. Себеби Бишкектин 7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде денесине эч себепсиз залал келтирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 1984-жылы туулган О.Б. аттуу жаран аныкталып,кармалган. Ал КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын аймагында ушул сыяктуу бир нече кылмыштарды жасагандыгы аныкталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз