КМШ жана ШКУнун аскер прокурорлору Казанда чек араларды коргоо боюнча билдирүү кабыл алышты«Мугалимге болгон урмат — өлкөнүн келечегине болгон урмат» — Садыр ЖапаровДастан Бекешев: Кыргызстанда Салык кодексине 113 түзөтүү даярдалууда — негизгилериОш шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылдыКыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салынды
Бишкектин Жеңиш турак жай конушу 18-февралда суусуз калат
16.02.2025 | 16:50
Бишкек шаарынын Жеңиш турак жай конушунда 18-февралда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 10:00дөн 15:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Ичүүчү сууну өчүрүү “Жеңиш” суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар