Жогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдашты
Бишкекте айдоочу сүзүп кеткен “Тазалыктын” жумушчусу ооруканада
09.06.2024 | 09:20
Бишкекте бүгүн, 8-июндун таңында болжол менен саат 04:40 чамасында Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп кеткен.
Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1960-жылы туулган жаран Ж.Г. (аял киши) оор абалда ооруканага жеткирилген.
Унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен, мамлекеттик номери белгисиз ак түстөгү Daewoo Nexia унаасы шектелүүдө.
Аталган жол кырсыгы боюнча шаар ичине “Перехват” планы киргизилди.
Кайгуул милициясы бул кырсыктын күбөсү болгон жарандарды 102 же 031253-01-81, WhatsApp – 996509102122 номерлери аркылуу билдирүүнү суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар