Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
Балбан Орозобек Токтомамбетов Венгриядагы мелдеште коло утту
09.06.2024 | 09:51
Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик мелдеште коло байге жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, Токтомамбетов 74 кг салмакта чейрек финалдык баскычтан баштады. Биринчи беттешинде венгриялык балбан Мурад Курамагомедовдон жеңилип калды. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло үчүн беттешүүгө мүмкүндүк алды.
Анда өзбекстандык Бекзод Абдурахмонов жаракат алганына байланыштуу кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылып, 3-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, рейтингдин мелдеш 6-июндан 9-июнга чейин Будапешт шаарында өтүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар