“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсиз
Бишкекте айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кетти (видео)
22.03.2023 | 13:05
Бишкекте айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Малыматка караганда, жол кырсык 22-мартка караган түнү Токтогул менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ravon Nexia R3 унаасынын И.Ю. аттуу айдоочусу Токтогул көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан Н.А. аттуу 39 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Натыйжада жөө адам алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда айдоочунун унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз