Айыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке кактыКыргызстанда картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салуу пландалуудаКыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндүБишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөт
Бишкекте айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кетти (видео)
22.03.2023 | 13:05
Бишкекте айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Малыматка караганда, жол кырсык 22-мартка караган түнү Токтогул менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ravon Nexia R3 унаасынын И.Ю. аттуу айдоочусу Токтогул көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан Н.А. аттуу 39 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Натыйжада жөө адам алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда айдоочунун унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз