Кыргызстанда Жол кыймылына киргизүү институту иштей баштадыЭттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат — Айыл чарба министрлигиБаткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайтты
Бишкекте айдоочуну сабап салган жигит кармалды (видео)
10.10.2024 | 17:06
Бишкекте айдоочуну сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга «Тойотанын» айдоочусу «Хундай Соната» унаасынын айдоочусун сабаганы тартылган видео тараган.
Милиция видеодогу эки айдоочуну тең таап, тергөө кызматына жеткирген. Сабалган айдоочу (К.Н.) аны урган жигиттин (А.Р. уулу) үстүнөн милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Ага байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес.
Ошол эле учурда чоң муштум жигитке Укук бузуулар кодексинин “майда бейбаштык” беренеси менен протокол түзүлгөн. Бул берене боюнча мыйзам бузган адамга 5,5 миң сом айып салынат же 30дан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо 3төн 5 күнгө чейин камакка алынат.