26-февраль: Өлкөдө жаан, кар жаайт«Сөзсүз эле үнүмдү көтөрүшүм керекпи?»: Эрулан Кокулов Тоң районундагы ооруканада ызы-чуу чыгардыМанас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталдыЖанар Акаев эртең мененки рейддер салтын улантып, Оштун көчөлөрүндө тартип орнотууну тапшырдыМектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Министрлик парламентте айтылган сунуштарга жооп бердиРоссиянын мигранттарга карата жаңы мыйзамдары: Эмне үчүн кыргызстандыктарга зыянга караганда, пайдалуу болушу мүмкүн?
Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө
01.03.2025 | 11:23
Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жарманкенин максаты — ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо жана шаар тургундарын айыл чарба продукцияларын дүң баада берүү.
Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү, саат 09:00дөн 19:00гө чейин Темир жол вокзалынын жанында Түгөлбай ата көчөсү менен Тыныстанов жана Эркиндик көчөлөрүндө өткөрүлөт.
Бардык суроолор боюнча министрликтин кызматкерине 0702 702 000 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар