Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял бир айга камалды
06.06.2022 | 09:35
Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык аял милицияга кайрылып, 27-апрелде бир аял арыз ээсине 1,2 миң доллар турган бриллианттарын кайра сатууну убада кылганын билдирген. Бирок ал убадасын аткарбай, күрөөканага өткөрүп, акчасын алып из жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери тарабынан табылып, 52 жаштагы Б.Т. Октябрь райондук соту аны Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айга камады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар