Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Бишкекте алты жылга соттолгон аял түрмөдө көз жарды
28.02.2023 | 14:25
Бишкек шаарында алдамчылык боюнча соттолгон аял СИЗОдо көз жарды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, аял ушул жылдын 15-февралында төрөгөн. Аны үйүндө мындан тышкары дагы алты баласы күтүп жатат.
“2022-жылдын декабрь айында аны Свердлов райондук соту күнөөлүү деп таап, судья Адимов Акылбек 6 жылга эркинен ажыраткан. Башкача айтканда, кош бойлуу кезинде үстөк пайызына (144% жылдык) алган карызын толук кайтара албай калганы үчүн камалган”, – деди Жоошев.
“Сот адилеттүү өкүм чыгарат деп ишенебиз”, – деп кошумчалады ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом