Коргоо министрлиги: Кыргызстандын армиясында «дедовщина» жок

Коргоо министрлиги: Кыргызстандын армиясында «дедовщина» жок

Кыргызстандын армиясында «дедовщина» жок. Бул туралуу бүгүн, 28-февралда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Жыйында депутат Руслан Жакышов Алмазбек Карасартовго былтыр кыргыз армиясында канча жоокер өз жанын кыйганын жана ага эмне себеп болгонун сурады.

Карасартовдун айтымында, жоокерлердин өз өмүрүнө кол салуусу боюнча териштирүү жүргөн.

«Алардын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк шартына байланыштуу болду деген чечим чыккан. Ал эми каза болгон аскер кызматчылардын командирлери менен башчылары жоопкерчиликке тартылган», — деди Карасартов.

Сөзүн улай депутат министрдин орун басарынан «кыргыз армиясында «дедовщина» жоктугуна кепилдик бере аласызбы?» деген суроо узатты.

«Кыргызстандын армиясында «дедовщина» жок деп кепилдик бере алам. Ар кандай кичине мыйзам бузуулар, аскердик тартип бузуулар болуп жатат. Бул боюнча Коргоо министрлигинде тарбия башкармалыгынын башчысы чоң жумуштарды жүргүзүүдө. Аскердик тартип бузууларды жоюуга аракет кылып жатабыз» – деди Карасартов.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда аскерге чакырылган жоокерлер арасында каза болгон учурлар болуп, коомчулукта ал жагдайлар аскердеги «дедовщина» менен байланыштырылып келет. Бирок Коргоо министрлиги (жана жоокерлер аскердык кызматын өтөгөн башка түзүмдөр) «дедовщина» жок экендигин жана жоокердин өлүмү кокустан (кырсыктан) болгондугун же өз жанын кыйган деп түшүндүрүп келишет.

Былтыр январь айында Баткенде ИИМдин Ички аскерлеринин жоокери каза болгон. Анда 18 жаштагы жигитти чогуу кызмат өтөгөн жоокер кокустуктан атып алганы кабарланган.

29-июлда №27 абакта кызмат өтөгөн 18 жаштагы жоокер көз жумган. Анда жоокер өзүн-өзү атып алганы айтылган. 17-августта ИИМдин Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө, 18-августта Аскердик институтта, 9-ноябрда Чек ара кызматынын жоокери каза болгон.

Быйыл 21-февраль күнү Баткен чек ара отрядынын жоокери куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен каза болгону кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>