Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Бишкекте асманга ок чыгарган киши кармалды
24.11.2021 | 10:13
Бишкекте асманга ок чыгарган киши кармалды. Бул туурасында Ленин райондук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-ноябрда интернетке ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкери асманга ок чыгарды делген видео тараган.
Мындан соң бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Анда кармалган жаран 12-ноябрь күнү саат 03:00 чамасында Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз үлгүдөгү тапанча менен кызматкер ок чыгарган.
Бүгүн, 24-ноябрда ал адам аныкталып, 19 жаштагы Р.Б. Ленин райондук милициясына жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар