Дастан Жумабеков үгүт иштерин бузуп, айып пулга жыгылды

Дастан Жумабеков үгүт иштерин бузуп, айып пулга жыгылды

Бир мандаттуу Манас шайлоо округу боюнча ат салышып жаткан Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековго үгүт иштеринин эрежесин бузганы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы 22,5 миң сом айып пул салды.

БШКга Жумабековдун үстүнөн үч арыз түшкөн.

Биринчи арыз интернетте социалдык ролик жарыяланганы, бирок материалда эч  кандай буйрутма берүүчү жана ким тарабынан каржыланганы тууралуу маалымат жок экени айтылып, бул мыйзам бузуу экени тастыкталган.

Экинчи арызда Жумабеков Талас облусунун Покровка айылындагы айылдардын биринде мамлекеттик желектин сүрөтүн колдонуп үгүт иштерин жүргүзгөнү жазылган.

Үчүнчү арыз экс-спикердин бир тууган агасы, белгилүү хирург Сабырбек Жумабековго тиешелүү. Бир канча убакыт мурун интернет басылмалардын бирине Сабырбек Жумабеков бир жигитке бекер операция жасайт деген макала жарыяланган. Кийинчерээк Дастан Жумабеков өзү иниси кайрымдуулук менен алектенип жүргөнүн билдирген.

Ошондой эле Дастан Жумабеков чет элдик саясатчылар менен тартылган сүрөттөрү бар материалдарды колдонгону үчүн дагы оозеки эскертүү алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>