Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте автобустун алдын тороп туруп алган айдоочуга айыпка жыгылды (видео)
18.02.2025 | 14:23
Бишкекте №7 автобустун алдын тосуп туруп алган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
Окуя 14-февралда түштө Чүй проспектисинде болгон. SsangYong Tivoli унаасынын айдап бараткан жаран автобустун айдоочусу “алдынан кесип кетти” деп коомдук унаанын алдын тосуп туруп алган. Окуянын видеосу соцтармактарга тараган.
Кайгуул кызматкерлери аталган айдоочуну издеп тапкан. Ал 44 жаштагы жаран (Ж.Т.) болуп чыккан. Ага Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 1-2-бөлүктөрү боюнча протокол түзүлүп, жалпы 4 миң сом айып салынган.
Ал менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом