Бишкекте аял 6-кабаттан кулап каза болду. Бул боюнча эки адам кармалды

24.10.2025 | 22:07

Бишкекте 37 жаштагы аял 6-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 24-октябрда, Фрунзе менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары жана райондук милициянын жетекчилиги дароо барган.

Аталган батирди 38 жаштагы В.Т. жана 37 жаштагы В.Ю. аттуу эки чет элдик жарандар 37 жаштагы кыргызстандык жаран Т.А. менен бирге болгону аныкталган. Алардын ортосунда уруш чыгып, ошол учурда аял балкондон кулап кеткен. Аял окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты боюнча иш козголуп, милиция 38 жаштагы В.Т. менен 37 жаштагы В.Ю.ну кармап, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Тергөө иштери Свердлов райондук милициясынын көзөмөлүндө жүрүүдү.

Scroll to Top