Бишкекте аял киши “үй сатып алам” деген 29 миң долларын шылуунга алдырып жиберген

06.11.2023 | 11:00

Бишкектин тургунунан 29 миң доллар алып, алдап кеткен деп шектелип 34 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 1-ноябрда милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл 29-сентябрда Т.Т. аттуу аял Мурас-Ордо конушундагы тамын сатам деп 29 миң доллар (2 млн 590 миң сом) алып, алдап кеткен. Ал эми үйүн башка адамдарга сатып салган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Т.Т. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0(500) 03-03-05 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top