Адамдын денесин кесүү, бузуу. Мындай кылмыштын жазасы күчөтүлөт

Адамдын денесин кесүү, бузуу. Мындай кылмыштын жазасы күчөтүлөт

Жогорку Кеңештин депутат Миргүл Темирбаева Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү сунуштайт.

Ага ылайык адамдын сырткы келбетине же функцияларына зыян келтирүүчү дене бөлүктөрүн кесүү, кесүү, бузуктук, бычуу менен байланышкан максаттуу дене жаракаттары үчүн жазаны күчөтүү каралууда.

Учурда максималдуу жаза 12 жыл болсо, депутат мындай кылмышкерлерди 15 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштайт.

“Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекциялык айылында жабырлануучунун кулагын, мурдун кесип, башка бир катар денеге залал келтирген мыкаачылык кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Адамды кесүү зордук-зомбулуктун жана оройлуктун эң катаал көрүнүштөрүн билдирет жана анын кесепеттери жабырлануучуга физикалык жана психикалык жактан зыян келтириши мүмкүн”, — дейт Миргүл Темирбаева.

Эскерте кетсек, Асел Ногойбаева 20-сентябрда ооруканага бычакталып түшкөн. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Аселдин мурдакы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Шектүү буга чейин Аселди зордуктоого айыпталып кармалган. Бирок аны сот пробацияга бошотуп жиберген. 20-сентябрдагы окуядан кийин анын жазасы өзгөртүлүп, 8 жылга эркинен ажыратылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>