ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте аялдардын футбол күнүнө арналган фестиваль өтүүдө
07.03.2022 | 18:10
Бишкекте Аялдардын футбол күнүнө арналган фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Аялдар футбол ассоциациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль Кыргыз футбол союзунун футбол борборунда “Кыздардын колунан баары келет” деген ураан алдында болууда.
Иш-чарага Бишкек, Беловодск жана Ылдыйкы-Чүй шаарларынан 10-15 жаштагы кыздар, ошондой эле Кыргызстандан ар түрдүү тармактардагы (саясат, бизнес, журналистика ж.б.) кыз-келиндер катышууда.
Фестивалга 100дөн ашык катышуучу катышууда. Фестивалдын алкагында түрдүү эстафеталар, сынактар өткөрүлөт.
Эске салсак, 7-мартта Азия футбол конфедерациясы аялдардын футбол күнүн белгилөөнү расмий түрдө бекиткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт