Украина: 25 кыргыз жараны Молдовадан Түркияга автобус менен кетишет

Украина: 25 кыргыз жараны Молдовадан Түркияга автобус менен кетишет

7-март күнү 25 кыргыз жараны Молдовадан Түркияга автобус менен кетишет, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жолдо жүрүү документтерин ала алышат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Украинадагы, Венгриядагы, Германиядагы, Түркиядагы, Беларустагы, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польшада, Румынияда жана Венгриядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугу тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу Мекенине кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.

Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын аймагында жүргөн жарандардын өздөрүнөн жана алардын жакындарынан түшкөн чалууларга ылайык, биздин мекендештер дагы эле Украинанын шаарларында калышууда жана алардын дээрлик ар бири менен КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти жана Элчилик туруктуу байланышта.

Ошону менен бирге активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарына атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштайбыз.

Украинадагы элчилик, консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>