Бишкек шаарынын Ленин районунда 8 жаштагы бала колун батареяга салып, чыгара албай калгандыктан куткаруучулар чакырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматк караганда, Жал-23 кичи районунда жайгашкан үйдүн 42-батиринде 2014-жылы туулган К.Ю аттуу жаш бала колун жылуулук берүүчү түтүкчөгө (батарея) колун салып, чыгара албай калган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жогору аталган баланын колун чыгарып беришкен. Абалы жакшы.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз