УКМК депутат Чыңгыз Айдарбеков боюнча үн катты

УКМК депутат Чыңгыз Айдарбеков боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кармалган эмес. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ошондой эле, УКМК Айдарбековдун суракка алынганын төгүндөдү. Ал чек ара аркылуу Казакстанга кеткен болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

27-ноябрда депутат Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков байланышка чыкпай жатканын билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек арасы (Кемпир-Абад) боюнча келишимге каршы добуш 19 депутатка коркутуулар болуп жатканын айткан. Аталган келишимге каршы добуш бергендердин арасында Айдарбеков менен Жамгырчиев бар.

Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатабыз, – депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>