Бишкекте балдарга жана өспүрүмдөргө меджардам көрсөтүүнүн жаңы стандарттары боюнча тренерлерди окутуп жатышат
19-22-ноябрда Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр үчүн алгачкы медициналык-санитардык жардам (АМСЖ) боюнча улуттук тренерлерди окутуу өтүүдө. Курстарга КММАнын, КГМИПиПКнын жана Бишкек медициналык колледжинин үй-бүлөлүк медицина жана педиатрия кафедраларынын 25 окутуучусу катышууда. Алар республиканын бардык аймактарында АМСЖ дарыгерлерин даярдай турган болушат.
Окутуу Министрлик тарабынан ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) колдоосу менен уюштурулган. Катышуучулар балдардын өсүшүн көзөмөлдөө, ооруларды алдын алуу жана кеңири таралган ооруларды башкаруунун жаңы ыкмаларын үйрөнүшүүдө.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, жаңыланган стандарттарды киргизүү балдар жана өспүрүмдөргө медициналык жардамдын сапатын жогорулатат. Даярдалган тренерлер билимдерин республиканын бардык аймактарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгерлерге өткөрүп беришет.
Окутуу Кыргызстанга ылайыкташтырылган ДСУнун АМСЖ кызматтарынын Карманма каталогунун негизинде жүргүзүлөт. Бул документте стандартташтырылган кызматтар пакети камтылган: ден-соолукта балдарды кароо, алдын алуу, кеңири таралган ооруларды башкаруу жана өспүрүмдөр менен достук мамиле жүргүзүү.
Курстун аягында тренерлер жаңы сунуштарды медициналык жогорку окуу жайлардын жана колледждердин программаларына киргизишет, бул стандарттардын практикага кеңири колдонулушун камсыздайт.
ЮНИСЕФ жана ДСУнун өкүлдөрү демилге АМСЖны күчөтүүгө жана өлкөдөгү балдар менен өспүрүмдөрдүн саламаттыгын жакшыртууга багытталганын белгилешти.
