Бишкекте банк, акча алмаштыруучу жайларды тоноп жүргөндөр кармалды — сүрөт

Бишкекте банк, акча алмаштыруучу жайларды тоноп жүргөндөр кармалды — сүрөт

Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1975-жылы төрөлгөн С.А. аттуу жана 1983-жылы төрөлгөн А.Н. аттуу жаран кармалган. Алар 2 банк, 2 акча алмаштыруучу жай жана 1 дүкөндү тоногон деп шектелүүдө.

Шаар милициясынын билдирүүсүнө караганда шектүүлөр соңку бир жылдын ичинде Бишкекте чуулгандуу каракчылык иштери менен алектенип жүргөн. Алардын аркасынан бир нече убакыттан бери аңдуу уюштурулуп, жашаган жерлери такталгандан кийин атайын отряддын кызматкерлери кармоо иш-чарасын жүргүзүп, үйүн тинтүүгө алышкан. Анда Макаров, ПМ үлгүсүндөгү 2 тапанча жана тоноо учурунда керек боло турган түрдүү каражаттар табылган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иши тергөөгө өткөрүлүп берилген.   

Ал эми алар айдап жүргөн «Тайота-Лэндкрузер 200», унаасы айып аянтчасына токтотулган. 

Шектүүлөр төмөнкү жайларды тоногон деп айыпталып жатат:

1) 2019-жылы 9-сентябрда эки киши Киев көчөсүндөгү «Престиж» акча алмаштыруучу жайын тоноп кеткен. Ал жерге бетин медициналык маска менен жашырып киришип, күзөтчүнү сабап 70 миң сом алып чыгып кеткен. 

2) 2019-жылы 7-ноябрда эки адам «Малайзия мебелдери» аттуу дүкөнгө кирип, сатуучуларды сабап, курал менен коркутуп, 60 миң сомун алып чыгып кетишкен.

3) 2019-жылдын 27 ноябрында да эки киши курал менен Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги “ЭкоИсламикБанктын” филиалын тоноп кеткен. Ал жерден кылмышкерлер 1,5 млн сомго жакын каражат алып чыгып кетишкен. 

4) 2020-жылдын 19-январында Москва көчөсүндөгү «Сенсон-Гранд» акча алмаштыруучу жайына кирип, кызматкерин сабап, 4 миллион сом алып кетишкен.   

5) 2020-жылы 12-июнда «Керемет» банкынын Манас көчөсүндөгү филиалын 2 адам тоногон. Ал жерде да күзөчүнү курал менен коркутуп, ур-токмокко алып, 1 миллион 120 миң сом алып кетишкен.

[su_image_carousel source=»media: 32564,32565″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>