ЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте башталгыч класстын окуучусунун тамагына 22 сом, аймактарда 14 сом бөлүнөт
24.02.2025 | 11:45
Кыргызстанда аймактарда башталгыч класста билим алган окуучунун тамагына 14 сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдиргенин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Министрликтин маалыматы боюнча, аймактарда окуган 1-4-класстын балдарынын тамак-ашына акча республикалык бюджеттен бөлүнөт. Ар бир балага 14 сомдон каралган.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында билим алган башталгыч класстын окуучуларынын тамагына акча жергиликтүү бюджеттен берилет. Борбор калаада бир окуучунун тамагына 22 сом, Ошто 15 сом бөлүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом