Бишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияланды

Борбор калаада соцтармактарда тараган видеодогу эркек киши изделүүдө. Кадрларда ал окуучуларды коркутуп жаткан учурдар тартылган. Бул окуядан кийин Бишкекте тынчсыздануу жаралды.
Бишкек ШИИББтин маалыматына караганда, учурда кибербөлүм видеодогу адамдын ким экенин жана кайда экенин аныктап жатат. Эгерде сиз аны таанысаңыз, 102 номуруна кабар бериңиз. Анонимдүүлүк кепилденет.
Азыркы учурда №6 жана №61 мектептер курчоого алынып, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланды. Окуя болгон жерде кинологдор жана ИИМ кызматкерлери иштеп жатышат. Абалды көзөмөлдөп, окуянын өнүгүшү байкалууда.
Буга чейин “Коммерсант” басылмасы бул адамдын Украинанын Коопсуздук кызматынын агенти Ярослав Овсюкка окшоштугун кабарлаган. Ага ылайык, ал Кисловодск, Волхов, Стерлитамак, Кемерово, Аксай, Орск, Электросталь жана Коломнадагы мектептерде болжолдонгон теракттар тууралуу билдирүүлөрдү таратууга катышы болушу мүмкүн.
Овсюк бир нече жылдан бери Telegram каналдарын түзүп, анда студенттерге жана окуу жайлардын кызматкерлерине кол салуулар пландалганы тууралуу жалган маалыматтарды жайгаштырган.
Ал РФнын Ички иштер министрлиги тарабынан изделүүдө. Украинанын Коопсуздук кызматынын агенти экенин 13-октябрда Коопсуз Интернет лигасынын жетекчиси Екатерина Мизулина билдирген.
Мындан тышкары, 2022-жылдын мартында ФСБ Сочиде Россияда тыюу салынган “Колумбин” кыймылынын 17 жаштагы администратору кармалганын, ал билим берүү мекемелеринде массалык адам өлтүрүү идеологиясын жайылтууга жана мектептерде террордук чабуулдар тууралуу фейк кабарларды таратууга аракет кылганын маалымдаган.
Учурда Бишкекте мектеп окуучуларын коркуткан адамдын видеодогу өздүгү жана жайгашкан жери укук коргоо органдарынын кибер бөлүмү тарабынан иликтенүүдө.