Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Кыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
16.10.2025 | 21:21

13–19-октябрь күндөрү өлкө аймагында “Үйрөтүүчү транспорт каражаты” аттуу рейд өтүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Рейддин максаты — жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жакшыртуу.
Текшерүү учурунда авто-мектептердин окутуучу жана үйрөтүүчү унаалары каралып, төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулууда:
- кошумча педалдардын талапка ылайыктуулугу;
- айдоочулук китептер жана маршруттук схемалардын болушу;
- инструкторлордун квалификациясы.
Кемчиликтер аныкталган учурларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузган авто-мектептерге протоколдор түзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом