Бишкекте бир нече көчөлөрдү бир тараптуу кылуу пландалууда

Бишкекте бир нече көчөлөрдү бир тараптуу кылуу пландалууда

Бишкекте бир нече көчөлөрдү бир тараптуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир күн мурун борбор калаанын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында директор Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штаб болуп өттү.

Штабдын мүчөлөрү Панфилов жана Логвиненко көчөлөрү, Ашхабад көчөсү менен Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин, Шопоков көчөсүнөн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин бир тараптуу унаа кыймылы тууралуу талкуулашты.

Бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселесин кылдаттык менен изилдөө үчүн жеринде биргелешкен кеңешмени уюштуруу чечими кабыл алынды.

Кеңешменин жыйынтыгында бардык кызматтарга жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, жол тыгындарын жоюу, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү жана коомдук транспортту, жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>