КРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланатКыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталууда
Түндүк-Түштүк жолу: Көк-Арттагы тоннелдин 3 миң метри казылды
27.07.2022 | 12:14
Бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун алкагында Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин 3 миң 70 метри казылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйында транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев билдирди.
Анын айтымында, 3 миң 70 метрдин 1 миң 224ү түштүк, 1 миң 845и түндүк тараптан казылган. Ал эми тоннелдин узундугу 3 миң 890 метрди түзөт.
Быйыл тоннелдин 500 метрин казуу пландалса, жарым жылда 147 метр казылып бүткөн (түштүк тарабынан – 94 м, түндүк тарабынан – 53,4 м).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом