Мектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулат
Бишкекте бир түндө кафе менен дүкөн өрттөндү
28.07.2022 | 12:08
28-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим- кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.
Такталган маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом