Оштун тургуну унаасында Калашников автоматын сактап жүргөн

Оштун тургуну унаасында Калашников автоматын сактап жүргөн

Ош шаарында Калашников автоматын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун көрүнүштөрүн алдын алуу жана бөгөт коюу, каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу менен алектенген адамдарды, ошондой эле башка оор кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын 20-июлунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого бөгөт коюу бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарында “Тойота Королла” үлгүсүндөгү  унааны тинтүү учурунда унаанын  багажынан  Калашников  автоматы 8 огу менен табылып алынган.

Мыйзамсыз сакталган курал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1981-жылы туулган Х.А.га таандык экени аныкталган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга  киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: автомат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>