Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Бишкекте бир жумада 4638 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
27.12.2021 | 11:55
Бишкек шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин 4638 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардан:
– мас абалында унаа башкаруу үчүн – 75 айдоочу;
– “тонировка” үчүн – 20;
– айдоочулук күбөлүгү жок, унаа башкарган – 49 айдоочу;
– “башка номер колдонгону” үчүн – 3;
– жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр же велосипедчилер – 124;
– башка укук бузуулар – 4367.
Айып короосуна 385 унаа киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом