Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу боюнча бекер операция жасалды
01.02.2024 | 12:57
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөктү алмаштыруу операциясы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Ал министр Алымкадыр Бейшеналиев менен 3 хирургдун катышуусунда 22 жаштагы аялга жасалды. Маалыматка караганда, операция төрт саат болуп, алгач донордун бөйрөгү алынып, андан кийин ал бейтапка коюлду. Бейтаптын абалы туруктуу. Ал 2-3 жандыруу бөлүмүндөгү дарыгерлердин кароосунда болот.
Белгилей кетсек, быйыл Саламаттыкты сактоо министрлиги 50 жаранга бөйрөк алмаштыруу боюнча бекер операция жасамакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом