Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Бишкекте BMW X6 унаасынан эркек кишинин сөөгү табылды (ВИДЕО)
14.01.2022 | 10:21
Бишкек шаарында BMW X6 унаасынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында Свердлов райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Москва көчөсүнөн жол жээгинде токтоп турган унаанын ичинен 25-30 жаштагы белгисиз эркек кишинин сөөгү жатканы боюнча маалымат түшкөн. Күч органдары дароо барып, 28 жаштагы К.С. экенин такташкан. Сөөктөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн белгилери, тактарын табышкан.
Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыфматтык журналына катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Видео “Кабар” басылмасына жарыяланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар