Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Борбордо бокс боюнча эркектер жана аялдар арасында өлкө чемпионаты өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

24-28-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда боло турган мелдеш жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту популяризациялоо максатында уюштурулууда.

Мелдеш АИБА эл аркалык уюмдун эрежелери менен эркектер арасында 10 салмактык категорияны жана аялдар арасында 5 салмактык категорияны камтыйт.

Мелдештердин программасы:

24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал;
28-ноябрь – финал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>