Бишкекте борбордук көчөлөрдөгү үйлөрдүн фасаддары жаңыланды

18.05.2023 | 11:30

Бишкекте үйлөрдүн фасаддары оңдолуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн жана тургундардын колдоосу менен Чүй проспектисинин №26 дарегинде жайгашкан үйдүн фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады.

“Фасадды калыбына келтирүү, атайын топурак аралашмалары менен иштетип, дубалдарды эки катмар кылып сырдоо иштерин жүргүзүлдү. Бул демилгенин алкагында Чүй проспектисиндеги №48, 105, 44, 117, Абдрахманов көчөсүндөгү №105/1, 105/2, 105/3, 141, жана Москва көчөсүндөгү №86 үйлөрдүн фасаддары да жаңыланды”, – деп айтылат маалыматта.

Иш шаар куруу жана архитектуралык иш-чараларга ылайык жүргүзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top