Ошто коррупциялык схема уюштурган үч бажычы кармалды, — УКМК (видео)

Ошто коррупциялык схема уюштурган үч бажычы кармалды, — УКМК (видео)

Ошто коррупциялык схема уюштурууга шектелип үч бажычы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана Финансы министрлигине караштуу «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалышты.

Такталгандай, жогорудагы адамдар «Достук» АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуркан.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>