Садыр Жапаров Кытайда Си Цзиньпин менен жолугушту

Садыр Жапаров Кытайда Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаровду Ардактуу кароол ротасы салтанаттуу түрдө тосуп алды. Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган «Кытай – Борбор Азия» саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан социалдык-экономикалык бийик натыйжаларга жетишип жатканын айтып, кыргыз эли президент Садыр Жапаровду жогору баалап жатканына токтолгон.

Баарлашуунун жүрүшүндө ал биргелешкен кызматташуунун негизги багыттарын — өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.

Ошондой эле, Си Цзиньпин айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Кытайга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө жана «Борбор Азия – Кытай» саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жапаров Кытайдын төрагасын жана бүткүл кытай элин Кытайдын Коммунисттик партиясынын 20-съездин, «эки сессиясын» ийгиликтүү өткөрүп, ККПнын БКнын Башкы катчысы, Кытай төрагасы жана КЭР Борбордук аскер кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктаган.

«Кытай Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүдө шыктандырган жаңы ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн жогорку кадыр-баркын мындан да бекемдейт деп ишенем. Бул сапар биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизди тереңдетүүгө жана аны жаңы жогорку сапаттык деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө олуттуу түрткү берет деп күтөбүз», — деп белгиледи ал.

Жапаров кыргыз тараптын боло турган «Борбор Азия – Кытай» саммитинен үмүтү чоң экенин баса белгиледи. Бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн, талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет», — деди Жапаров.

Жапаров кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору тууралуу сөз кылып, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.

Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>